Балапаным, кичинекей жүрөгүм,
Бул дүйнөдө сен деп гана жүрөмүн.
Сары жөжөм, кичинекей быйтыйган,
Ээлеп алган жүрөгүмдүн тунугум.
Припев:
Колдоруңан кичинекей айланам,
Кучактаса, кучагына байланам.
Жөжөм менин, балапаным, берекем,
Быдылдаган тилиң таттуу сайраган.
2-куплет:
Сөздөрүнүн ар бирине кубанам,
Жообун издейм суроосуна суранган.
Балапаным, кичинекей жүрөгүм,
Бир сен үчүн ар бир тарткан убарам.
Припев:
Колдорунан кичинекей айланам,
Кучактаса, кучагына байланам.
Жөжөм менин, балапаным, берекем,
Быдылдаган тилиң таттуу сайраган.